Жашоо минимуму 5 миң 23,3 сомго жетет

Жашоо минимуму 5 миң  23,3 сомго жетет
6-Сен. 2018, Бейшемби, 10:51

2018-жылы ички дүң өндүрүмдүн көлөмү жан башына бөлгөндө 92,1 миң сомдон туура келип, башкача айтканда 5 пайызга өсөт. Бул тууралуу бюджеттин 2019-2021-жылдарга карата болжолдоосунда маалымдалган.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы керектөөлөрдүн наркы 3,1 пайызга өсүшү мүмкүн, буга ылайык акчалай кирешелердин номиналдык өсүшү 5,7 пайызга жетет. Буга байланыштуу орточо айлык акысы да өсүшү болжолдонууда. Жашоо минимуму 5 миң 23,3 сомго жетет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР