​Августта карызды тейлөөгө 2,2 млрд. сом жумшалды

​Августта карызды тейлөөгө 2,2 млрд. сом жумшалды
6-Сен. 2018, Бейшемби, 14:04

Август айында республикалык бюджеттин чыгымдары 10 млрд. 808,3 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, көрсөтүлгөн сумма төмөндөгү багыттарга жумшалган; Бюджеттик мекемелердин айлык акысына 1 млрд. 767,9 млн. сом,

Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулга 730,9 млн. сом,

Социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөк пулга 11,8 млн. сом,

Имарат жана курулуш беренеси боюнча чыгашага 1 млрд. 378,9 млн. сом,

Мамлекеттик карызды тейлөөгө 2 млрд. 207,9 млн. сом.

Ал эл эми калган чыгымдар корголгон жана корголбогон чыгаша беренелири боюнча жумшалган.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик карызды төлөөгө жалпы 13 млрд. 305 млн. 379.8 миң сом керектелген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!