Сегиз айда 50,7 млрд. салык чогулду

Сегиз айда 50,7 млрд. салык чогулду
7-Сен. 2018, Жума, 13:35

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын январь-август айларында 50 млрд. 726 млн сом салык топтоду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коюлган пландан 442 млн сомго көп жыйналды, башкача айтканда план 100,9 пайызга аткарылган.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4 млрд. 943 млн. сомго жеткен. Ал эми август айында 7 млрд. 221 млн. сом чогултулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!