​Чакан ишкерликтин продукциясы 72,3 млрд. сомго жетти

​Чакан ишкерликтин продукциясы 72,3 млрд. сомго жетти
7-Сен. 2018, Жума, 14:34

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын аймагында 10,9 миң ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Аталган ишканалардын ичинен 10,2 миңи кичи жана 700ү орто ишканалар болуп саналат. Ишканалардын 60 пайызы Бишкек шаарында жайгашкан.

Жарым жылдын жыйынтыгы менен кичи жана чакан ишкерликтин өндүрүмдүүлүгү жалпы 72,3 млрд. сомду түздү же ички дүң өндүрүмдүн 33,9 пайызын камсыздай алды. Бул көлөм өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8.6 пайызга көптүк кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!