Бюджеттин кирешеси 2,1 млрд сомго көбөйдү

Бюджеттин кирешеси 2,1 млрд сомго көбөйдү
12-Сен. 2018, Шаршемби, 13:53

2018-жылдын январь-августунда республикалык бюджеттин кирешеси 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 млрд сомго көбөйдү.Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, салыктык түшүүлөр 8 айда жалпы 66,5 млрд. сомду түздү. Башкача айтканда салыктык түшүүлөрдүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 19,8 млрд. сомго же 7,3 пайызга өскөн. Анын ичинен салык кызматы боюнча түшүүлөр 39,4 млрд. сомду камтыган. Ал эми Бажы кызматынын үлүшү 27,0 млрд. сомго жетти.

Ошондой эле салыктык эмес түшүүлөр 8,7 млрд. сомго барабр болду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!