Орточо айлык акы 15,7 миң сомду түздү

Орточо айлык акы 15,7 миң сомду түздү
12-Сен. 2018, Шаршемби, 15:11

Бүгүнкү күндө орточо айлык акы 15 миң 765 сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка караганда, реалдуу айлык акынын көрсөткүчү 104,5 пайызды түзөт. Орточо айлык акынын өсүүсү мейманкана жана ресторандардан тышкары, экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген бардык ишканаларда байкалган.

Айлык акынын эң көбүрөөк жогорулоосу мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, социалдык камсыздоо тармактарында, курулуш, тейлөө, маалымат жана байланыш тармагында болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!