​Карызды жабууга 9,9 млрд. сом жумшалды

​Карызды жабууга 9,9 млрд. сом жумшалды
25-Сен. 2018, Шейшемби, 13:55

2017-жылы тышкы карызды жабууга 9,9 млрд. сом жумшалган. Бул тууралуу Каржы министри Адылбек Касымалиев парламенттин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын тышкы карызын төлөөнүн эң жооптуу этабы 2028-жылга туура келет. өткөн жылы карыздын бир жылдык суммасын жабууга кыргыз өкмөтү 9 млрд. 957 млн. сом төлөдү.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын тышкы карызы 4,4 млрд. долларды түзүүдө. 2018-жылдын 30-июнуна карата мамлекеттик карызды сом менен эсептегенде 300 млрд. 744 млн. сомго жетекен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!