Абдыгулов: Кыргызстанда валюта базарынын абалы туруктуу

Абдыгулов: Кыргызстанда валюта базарынын абалы туруктуу
25-Сен. 2018, Шейшемби, 14:53

Кыргызстанда валюта базарынын абалы туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 2018 - жылдын август айынын ортосунан тартып ички валюта рыногунда сунушка караганда чет өлкөнүн валютасына болгон суроо-талаптын арткандыгы белгиленген. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүлүшүн калыпка келтирүү же текшилөө максатында эки жолу валюта интервациясы операциясын ишке ашырган.

“Улуттук банк доллардын расмий курсуна божомол бербейт. Доллардын баасын базар аныктайт. Кескин түрдө доллардын баасы өскөн убакта интервеция жасапат. Бул жерде эки негизги себеби бар. Биринчиси – дүйнө жүзүндө доллардын баасы өсүп баратат. Мында түзмө-түз бизге таасирин берет. Экинчиси - өзүбүздүн ички факторлорубуз. Биз мезгилдик фактор деп коебуз. Жай бүткөндөн кийин туристтер азайды. Ошондуктан мезгилдик термелүү болуп турат. Бүгүнкү күнү Улуттук банктын резерви 2 млрд 102 млн долларды түзөт. Импорт боюнча санаганда 4,2 айды жапканга барабар. Ошондуктан бул жакшы деңгээлде турат”, -деди Абдыгулов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!