​Мамлекеттик карыз 4,2 млрд. долларга жетти

​Мамлекеттик карыз 4,2 млрд. долларга жетти
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 11:56

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2018-жылдын 1-октябрына карата 4 млрд. 264 млн. 820 миң АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик карыздын тышкы карыз үлүшү 3 млрд. 764 млн. 480 миң доллары түзөт. Ал эми калган бөлүгү ички карыз болуп эсептелет.

Кыргызстандын эки тараптуу насыяга байланыштуу сырткы карызынын 44,7 пайызы Кытайга тиешелүү. Ошондой эле Япония болгон карыз 6,3 пайыз болсо Германиянын үлүшү 2,2 пайызды камтыйт.

Ал эми көп тараптуулардан эл аралык каржы уюмдарынын үлүшү төмөндөгүчө, ЭВФ алдындагы карыз 4,7 пайызды түзөт, АӨБ - 15,3 пайыз, насыялардын Эл аралык Ассоциациясы – 17,3 пайызды үлүштөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!