​Бюджетке келип түшүүлөр 103 пайызга аткарылган

15-Май 2017, Дүйшөмбү

2017-жылдын биринчи кварталында өлкөнүн бюджетине 24 млн. сом түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын алгачкы 3 айында бюджетке келип түшүүлөр боюнча план 103 пайызга аткарылган же 24 млн. 381,5 миң сом түшкөн. Өткөн жылга салыштырмалуу келип түшүүлөр 3,6 пайызга жогорулаган. Кирешенин 19 млн. 348,1 миң сом салык жыйымдардан түшкөн каражат. Анын 13 млн. сому мамлекеттик салык кызматы тарабынан түшкөн, ал эми 6 млн. 286 миң сому мамлекеттик бажы кызматы тарбынан жыйналган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!