Жарандардын кирешеси 310 млрд. сомду түздү

19-Май 2017, Жума

2016-жылы кыргызстандыктардын акчалай кирешеси 2015-жылга салыштырганда 5,6 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылы Кыргызстандын калкынын накталай акча кирешеси 309,9 млрд. сомду түзгөн. Кирешенин негизги булагы айлык маяна 210 млрд. сомго барабар же 67 пайызды камтыган.

Анын ичинен социалдык жөлөк пул менен пенсиядан 49 млрд сом. Жарандардын өздүк чарбасынан тапкан кирешеси 38 млрд. сом. Ал эми башка киреше булактарынан түшкөн акчанын көлөмү12 млрд сом.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!