​Электрге болгон төлөм бара-бара жогорулайт

30-Май 2017, Шейшемби

Электр энергияга болгон төлөм 10 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, башка өлкөлөргө караганда Кыргызстанда электр энергиясына болгон төлөм 3-4 эсе арзан. Этап этабы менен электр жарыгына болгон төлөмдөрдү көтөрүү керек. 2018-2020-жылдары баа 10 пайызга жогорулашы мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!