​ДБ: Кыргызстан сапатсыз интернетке кымбат төлөйт

31-Май 2017, Шаршемби

Кыргызстан менен Тажикстандын интернет колдонуучулары сапатсыз интернет үчүн кымбат төлөшөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк (ДБ) билдирди.

Маалыматка караганда, ДБнын адистеринин айтымында Борбордук Азия жогорку ылдамдыктагы интернетке жетүү мүмүкүнчүлүгү чектелген жана физикалык жана юридикалык жактар үчүн баасы кымбат.

Мисалы дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык Борбордук Азиянын жашоочуларынын 60 пайызында интернет колдонуу мүмкүнчүлүгү жок. Кыргызстан менен Тажикстандын интернет колдонуучулары сапатсыз интернетке кымбат төлөшөт.

Учурда ДБнын өкүлдөрү Кыргызстан менен Афганистандын өкмөтү менен маалыматтык инфраструктурасын жакшыртуунун үстүндө иш алып барып жатышат. Башкача айтканда тараптар “Digital CASA” долбоорунун үсүтүндө иштешүүдө. Аталган долбоор сапаттуу интернетке жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, мамлекеттик санариптик кызматтарды көрсөтүү боюнча өкмөттүн келечегин жакшыртууга багытталган. Долбоор ушул жылдын күз айларында башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!