​Түз инвестициянын көлөмү өстү

25-Июль 2017, Шейшемби

2017-жылдын биринчи кварталында чет өлкөндөн келген түз инвестициянын көлөмү 35 пайызга өскөн. Бул тууралуу өлкөнүн экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча брифингдин жүрүшүндө Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка карганда, январь-март айларында чет өлкөлүк түз инвестициянын жалпы көлөмү 202 млн 660 миң долларды түздү. Негизинен кайра иштетүү тармагына 56,7 пайыз, каржылык тармагына 26,5 пайыз, адистик, илимий жана техникалык багыттарга 9,9 пайызды түзгөн.

Алыскы чет өлкөдөн келген инвестиция жалпы инвестициянын 87,3 пайызына барабар. Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестициянын агымы кескин кыскарган, биринчи кварталда КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция 25 млн. 702 миң долларды гана түзүп, 59,5 пайызга кыскарган. Негизинен Казакстандан 16 млн 843 миң доллар инвестиция келген.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!