​Бишкекке 66,4 млн. доллар инвестиция тартылган

25-Июль 2017, Шейшемби

Жылдын биринчи кварталында Ысык-Көл областына чет өлкөлүк түз инвестициянын ири агымы болгондугу байкалган. Бул тууралуу өлкөнүн экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча брифингдин жүрүшүндө Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка карганда, Кыргызстанга келген чет өлкөдөн келген түз инвестициянын келүү агымын аймактар боюнча салыштырганда Ысык-Көл областында 75 млн. 118 миң долларды түзгөн.

Андан кийин Бишкек шаарына 66 млн. 448 миң доллар инвестиция тартылган.

Чүй облусу – 48 млн. 085,4 миң доллар,

Жалал-Абад облусу – 11млн. 269,4 миң доллар,

Баткен облусу – 1 млн. 306,2 миң доллар,

Нарын облусу – 295,1 миң доллар,

Ош облусу - 125,2 миң доллар,

Ал эми Ош шаарына болгону 13 миң долларга барабар инвестиция келген.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 1-кварталында өлкөгө жалпы 202,66 млн. инвестиция кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!