Коррупция 139,8 млн. сомдук чыгым алып келген

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында коррупция 139 млн. 795,6 миң сомдук чыгым алып келген. Бул тууралуу Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы 6 айдын аралыгында 189 коррупциялык фактынын бетин ачкан.

Анын ичинен бюджеттик каражатты кымтып алуу жана мамлекеттик сатып алууга байланыштуу 53 фактынын бети ачылган. Мындай фактылардан улам бюджетке 37,2 млн. сомдук зыян алып келген. Анын 13,7 пайызы же 5,1 млн. сому калыбына келтирилген.

Жалпы укук бузуу боюнча 922 факт ачылган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 23,8 пайызга көптүк кылат. Жыл ичинде келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 35,5 пайызга өсүп, 2,27 млрд. сомду түзгөн. Анын 1 млрд. 26 млн сому кайтарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!