​Бажы кызматына 17,8 млрд. сом түшкөн

2-Авг. 2017, Шаршемби

Үстүбүздөгү жылдын алты айында Мамлекеттик бажы кызматынан 17,8 млрд. сом түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, Мамлекеттик бажы кызматы коюлган планды 101 пайызга аткарган же 183,4 млн. сомго көп жыйнаган. Бул каражат өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,1 пайызга көп же 2,2 млрд. сомго көп жыйналган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!