Токтогул суу сактагычында суу максималдуу чегине жетти

18-Авг. 2017, Жума

Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 19 млрд. 500 млн. куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электрстанциялар” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-августка карата Токтогул суу сактагычына кирген суунун агымы секундасына 570 куб метрди түздү. Ал эми чыгымдалып жаткан суунун көлөмү секундасына 405 кубга барабар. Учурда суу сактагычта топтолгон суунун көлөмү 19 млрд. 500 млн. куб метрге жетти.

Буга чейин 19-июлдагы суунун көлөмү 19 млрд. 325 млн. куб метрди түзгөн болчу.

Токтогул суу сактагычынын максималдуу чеги 19,5 млрд. куб метрди түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!