Парламент Интернет үчүн 1 млн. жумшайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу парталындагы жарыяланган тендердеги маалыматта белгилүү болду.
Жогорку Кеңешти Интернет менен камсыздоого тендер жарыяланды, көрсөтүлгөн талапка ылайык 1 жылдык Интернет менен камсыздоо наркы 1 млн. сомдон ашпоосу зарыл.
Ушул суммага Жогорку Кеңештин административдик имараты менен унаа токтоотуучу жайы интернет менен камсыздалат.