​Өлкөдө электр эсептегичтер чыгарылышы мүмкүн

7-Сен. 2017, Бейшемби, 19:24

Кытайдын Ханчжоу провинциясында Кыргызстанга кытайлык компанияларды тартуу үчүн инвестициялык роуд-шоу өттү. Бул тууралуу Инвестицияларды тартуу жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чарага ар кандай багыттагы 30дан ашык уюм катышкан. Инвестициялык роуд-шоунун жыйынтыгында буга чейин Кыргызстанда сатылып жаткан электр эсептегичтерин чыгаруучу “Zhejiang Chint Electrics Ltd” ишканасы Кыргызстанда электр эсептегичтерин чогултуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Ал эми “Dahua Technology” компаниясы өлкө аймагында сырткы байкоо камераларын чогултууну көздөп жатат.

Ошондой эле текстил, курулуш материалдарын чыгаруучу жана маалымат технологияларын чыгаруучу компаниялар кызыгууларын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!