​Бажы жыйымы пландан ашык аткарылган

13-Окт. 2017, Жума, 16:41

Жыл башынан бери бажы кызматы 24,3 млрд. жыйым чогулткан. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөнүн бажы кызматы планды 1 пайызга ашык аткарган. Башкача айтканда коюлган пландан 246 млн. сомго ашык жыйнаган. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 3,1 млрд сомго көптүк кылат. Ал эми 2015-жылга салыштырганда эки эсе көп.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 9 айдын ичинде 13 млрд. сом чогултулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!