​Өзбекстанга электр экспорттолот

17-Окт. 2017, Шейшемби, 15:38

Кыргызстан Өзбекстан менен электр энергиясын экспорттоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын декабрынан 2018-жылдын мартына чейин 550 кВт саат электр энергиясы экспорттолот.

“Өзбекстанга жалпы 550 кВт саат электр энергиясы экспорттолот. Экспорттолгон электр кубатынын 1 кВт сааты 2,4 центтен сатылып, жалпысынан экспорт 13 млн. 200 миң долларга бааланат. Жайкы сезондо Кыргызстан Өзбекстанга 1,25 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттогон. Анын 1 кВт саат электр энергиясын 2 центтен бааланган. Бул келишим октябрь айында бүттү,-дейт Калиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!