Өзбекстанга 1,14 млрд. кВт саат электр экспорттолду

3-Ноя. 2017, Жума, 14:41

Кыргызстандан Өзбекстанга 4 айдын ичинде 1 млрд. 140,5 млн. кВт саат электр энергиясы экспорттолгон. Бул тууралуу күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, сентябрь айына чейин ГЭСтер 10 млрд. 34 млн. кВт саат электр энегиясын иштеп чыккан, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 млрд. 819,6 кВт саатка көп, ал эми жылуулук борбору 690,6 млн. кВт саат электр энергиясын иштеп чыккан, Бул көлөм өткөн жылдагыдан 450 кВт саатка аз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!