​Туризмден 8,5 млрд. сом түштү

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:45

Кыргызстанга жарым жыл ичинде 1,9 млн. чет элдик турист келген. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында бул көрсөткүч өткөн жылга салштырмалуу 349 миңге көп.

Туризмдин киреше булагы 8 млрд. 503 млн. сомду түздү. Туристтик кызматкөрсөтүүнү экспорттоодон 173 млн. доллар түшкөн. Салыктын түшүүсү 38 млн. сомду жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 7 млн. сомго көп чогултулду. Ал эми аталган тармакка жасалган инвестициянын көлөмү 6 млрд. 780 млн. сом болду”,-дейт Жаманкулов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!