​ИДӨнү өсүүсү 4,5 пайызда болот

24-Ноя. 2017, Жума, 09:39

Келээрки 3 жылда Ички дүң өндүрүмдүн өсүү деңгээлин орточо эсеп менен 4,5 пайызда кармап туруу пландалууда. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолунун көрсөткүчтөрү Өкмөттүн “Жаңы доорго – кырк кадам” программасындагы негизги багыттарды эске алуу менен иштелип чыккан.

2018-жылы экономикалык сектор негизги каржылоо багыттарынан болот, аны каржылоо көлөмү 50 млрд. сомду же жалпы чыгашалардын 29 пайызын түзөт.

“2018-жылы ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана экспортко багытталган ишканаларды колдоо багыты да улантылат. Тагыраак айтканда, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн коммерциялык банктарга 700 млн. сом субсидия берилет. Ал эми экспортко багытталган жана импорттун орун алмаштырган ишканаларга 100 млн. сомдун тегерегинде каралууда”, -дейт Исаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!