​Жыл бүткүчө үч ишкана ишке берилет

25-Ноя. 2017, Ишемби, 11:24

Жыл аягына чейин Кыргызстанда 3 ишкана ишке кирет. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эркин Асрандиев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өнүктүрүү фонду тарабынан ишкерлерге 254 млн. долларга барабар 780 насыя берилген.

2017-жылы 7 ири ишкана ишке берилди. Алсак “Кошой” кант заводу, Токмок шаарындагы кездеме токуучу ишканасы, консервалоочу завод жана башка ишканалар ал эми жыл аягына чейин Кара-Балта шаарында арматура чыгаруучу, Токмокто кесме чыгаруучу жана Жалал-Абад областында металл кремнийин өндүрүүчү заводдор ишке берилет”,-дейт Асрандиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!