​Өзбекстанга электр экспортун баштайбыз

16-Дек. 2017, Ишемби, 15:16

20-декабрдан тартып Кыргызстан Өзбекстанга электроэнергиясын экспорттой баштайт. Бул туурасында Улуттук энергохолдингдин директору Айбек Калиев жыйында билдирди.

Анын айтымында, 18-декабрда Токтогул ГЭСиндеги трансформатор толук ишке берилет. Экинчи агрегатты ишке бергенден кийин ГЭСтен электроэнергияны Өзбекстанга экспорттоого шарттар түзүлөт.

Буга чейин электроэнергияны 2017-жылдын декабрь айынан 2018-жылдын март айына чейин 550 млн. кВт көлөмүндө экспорттоо боюнча келишимге кол коюлган.

Эске салсак, жаңы трансформатор 16-ноябрда алынып келинген. 17-ноябрдан бери монтаждоо иштери жүрүп жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!