​Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 1 млрд. сом бөлгөн

19-Дек. 2017, Шейшемби, 16:59

Дүйнөлүк банк Кыргызстан менен кызматташуу жылдарында өлкөнүн экономикасына жалпы 1 млрд. доллар салган. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы офисинин жетекчиси Болорма Амгаабазар Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымыда, Кыргызстан жаңы шарттарга жакшы ыңгайлаша алды. Жакырчылыкты жоюу боюнча бир катар масштабдуу иштер жасалды жана экономикалык жылуулар болду. Бирок калктын көпчүлүк бөлүгү жакырчылыктын чегинде болууда жана экономикалык өсүү стабилдүү эмес. Ошондуктан банктын анализдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча жеке секторду активдүү өнүктүрүүнү камсыз кыла турган жаңы стратегиялардын жана өсүү моделдерине өлкө муктаж болууда.

Мурда өлкө алтын өндүрүүдөн түшкөн кирешесине жана мигранттар которгон каражатка таянып келген. Экономиканын негизги маанилүү факторлору төмөнкү деңгээлде калууда. Өлкөнүн экономикасы өндүрүш менен айыл чарба багытынан курулушка, алтын өндүрүүгө жана кызмат көрсөтүү секторуна өтүп жатат. Экономиканын мындай өзгөрүүсүнөн экономикада өнүгүү жетишсиз болуп жатат. Экспорттук потенциалы жана элди сапаттуу жумуш орундары менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү анча жогору эмес.

Ошол эле учурда айыл чарба тармагы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, гидроэнергетика жана арзан жумуш ресурстары сыяктуу өлкө үчүн атаандаштыкты камсыздай ала турган белгиүү бир катар тармактар бар.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!