​Чылымдын баасы кымбаттайт

4-Янв. 2018, Бейшемби, 13:06

1-январдан тарта өкөмөттүн өлкөдө чылымдын сатылуу баасы тууралуу өкмөттүн токтому күчүнө кирет.

Мыйзамдын негизги максаты чылым чегүүчүлөрдүн чылым тартуусун азайтуу жана калктын саламаттыгын чыңдоо болуп эсептелет.

Ал эми өткөн жылдагы чылымдын наркын 40 сомго жеткирүүнүн максаты бюджетти көтөрүү максаты болгон.

Аталган мыйзамга ылайык чылымдын баасы жыл сайын 10 сомго жогорулап турат. 2022-жылдын 1-январынын тартып бир куту чылымдын наркы 90 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, өкмөт буга чейин шарап, сыра, бальзам жана коняк сыяктуу алкогол ичимдиктерине акциздик салыктын түзүмү жогорулаткан. Мыйзам декабрда күчүнө кирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!