​Мамлекеттик карыз 4,6 млрд. доллардан ашты

14-Март 2018, Шаршемби, 09:03

31-январга карата жалпы мамлекеттик карыз 4 млрд. 624,81 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылы мамлекеттик карыз 111,81 млн. долларга көбөйдү. Анын ичинде 4 млрд. 139,28 млн. доллар тышкы карыз. Бул сумманын 41,3 пайызы Кытайдын Экспорт-импорт банкына болгон карыз.

Ал эми өлкөнүн башка жеңилдетилген насыя катары алган карыздары 1 млрд. 635,08 млн. сом, ички карызы 485,54 млн. доллар.

Эскерте кетсек, “Глобалдык өнүгүү”э аралык уюуму Кытайга көп карыз дүйнөдөгү сегиз өлкөнүн катарына Кыргызстанды да кошкон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!