​2019-жылы ИДӨнүн реалдуу өсүүсү 4,3 пайызга жетет

14-Март 2018, Шаршемби, 11:30

2018-жылыдын жыйынтыгы менен ички дүң өндүрүмдүн реалдуу өсүүсү 5,5 пайызга чейин жетет. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, 2018 жана 2019-жылдарга карата Россияда ички дүң өндүрүмдүн өсүүсү 1,9 пайызга жете тургандыгы күтүлүүдө. Ал эми Казакстандыкы болжол менен 3,2 жана 3,3 пайызды камтыйт.

Дүйнөнүн соода рынокторундагы баа динамикасы жана соода өнөктөштүгүндөгү экономикалык өсүш перспективасы Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү үчүн оң багыт түзүүнү улантууда.

Кумтөрду эске албаганда, 2018-жылы өлкөдө ички дүң өндүрүмдүн өсүүсү 5,2 пайызга жетет.

Ал эми 2019-жылы ички дүң өндүрүмдүн реалдуу өсүүсү 4,3 пайызга жете турганы болжолдонууда. Кумтөрдү эске албаганда 5,5 пайызды түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!