2017-жылы Кумтөрдө 17,5 тонна алтын өндүрүлгөн

2017-жылы Кумтөрдө 17,5 тонна алтын өндүрүлгөн
15-Март 2018, Бейшемби, 09:26

Өткөн жылы “Кумтөр” кенинде 562 миң 749 унция же 17 тонна 503,46 килограмм алтын өндүрүлдү. 2018-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү 14,15-15,55 тоннга жетиши болжолдонууда. Бул тууралуу "Центерра Голд" компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылы өндүрүлгөн продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 685,2 млн.долларды түздү.

Ал эми 2017-жылы “Кумтөрдүн” мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү салымы 126,524 млн. доллар же 8,7 млрд. сомдон ашкан.

Кыргызстандын аймагындагы төлөмдөр, анын ичинде салыктар, аффинаж акысы, товарлар менен кызматтар үчүн төлөмдөр, инфраструктура төлөмдөрү, кайрымдуулук жана башка 269,731 млн. доллардан ашты. Компания иштеген 1994-2017-жылдар аралыгында Кыргызстан аймагындагы төлөмдөр 3 млрд. 472 млн. доллардан ашкан.


Эскерте кетсек, Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына караганда, 2017-жылы "Кумтөрдүн" өлкө ички дүң өндүрүмүнө болгон үлүшү - 9,7 пайызды түзгөн. ал эми "Кумтөрдүн" өнөр-жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү - 21,1 пайызды камтыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!