​Камбар-Ата ГЭС-2 гидроагрегаты курулат

24-Март 2018, Ишемби, 10:43

2018-жылы Камбар-Ата ГЭС-2 гидроагрегатынын курулушу башталат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Азамат Оморов билдирди.

Анын айтымында, Камбар-Ата ГЭС-2 гидроагрегатынын курулушунун натыйжасында 3 жыл аралыгында 120 мегаваттка өсүү болот. Ошондой эле Токтогул ГЭС, Ат-Башы ГЭСтерин реконструкциялоодон кийин дагы 4 мегаватт кубаттуулук кошулат.

“Ушул мезгилге чейин Өзбекстанга 1 млрд. 134 млн. кВт саат электр кубаты экспорттолгон”,-деп кошумчалап кетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!