​Мамлекеттик ишканалардын 60ы гана кирешелүү

28-Март 2018, Шаршемби, 11:35

Кыргызстанда жалпы 1 миң 130 мамлекеттик ишкана катталган анын 98и гана иштейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Мүлк фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү 1 миң 130 мамлекеттик ишкананын 780и иштебейт. Учурда аларды кыскартуу, жоюу же бириктирүү боюнча иштер жүрүүдө. Иштеп жаткан ишканалардын ичинен 60ка чукулу гана киреше берет.

Ал эми 7 ишкананы акционердик коом кылып түзүү маселеси каралып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!