Оюнчук тандоодо ата-энелерге кеңештер

3-Апр. 2018, Шейшемби, 12:16

Учурда сатыктагы оюнчуктардын көпчүлүгү биздин балдар үчүн пайда эмес, тескерисинче, зыян алып келиши мүмкүн. Анткени, Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн келген сапатсыз оюнчуктар үчүн эч ким көзөмөл жүргүзбөйт. Айрым оюнчуктардан бөлүнүп чыккан токсиндик зат жаш балдардын эле эмес, чоңдордун ден-соолугу үчүн да кооптуу. Андыктан, балдар үчүн оюнчук сатып алаарда айрым учурларга көңүл буруу сунуш кылынат.

Белгисиз фирмадан чыккан оюнчуктарды көчөдөн, базардан сатып алуудан сак болуңуз. Анткени, алар оюнчуктун сапатына маани бере беришпейт.

Ар бир бала оюнчукту оозуна салып, даамын татып көрүүгө ашыгат. Оюнчуктун түсү канчалык ачык болсо, анда токсиндик материал ошончолук көп колдонулган. Бул баланын ден-соолугуна терс таасир этет.

Оюнчук баланын психикасына терс таасир тийгизбеш керек, андыктан, коркунучтуу оюнчуктарды сатып алуу сунушталбайт. Мисалы, вампир, скелет, жөргөмүш...

Эгерде оюнчук музыкасы менен болсо, ал жагымдуу болууга тийиш. Кескин, жагымсыз үн да баланын психикасына терс таасир этиши мүмкүн.

Оюнчук баланын жаш курагына туура келүүгө тийиш.

Бала канчалык кичине болсо, ал үчүн сатып берген оюнчугуңуздун деталдары ошончолук көлөмдүү болууга тийиш. Анткени, оозуна салганда жутуп алуу коркунучу бар.

Бир жашка толгондон кийин балага жумшак оюнчук сатып берүүгө болот. Бирок, сатып алууда эринбей кылдат текшерип чыгыңыз. Эгерде оюнчуктун кылдары колуңузда калып калса, аны сатып алуудан баш тартыңыз. Мындан тышкары, муруну, көзү жакшы бекилгенине ынаныңыз.

Жыгач - экологиялык жактан эң таза жана коопсуз материал. Андыктан, жыгачтан жасалган оюнчуктарга басым жасаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!