Иммунитетти көтөрүү үчүн эмне кылуу керек?

23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 14:52

Балдарга сасык тумоо менен жылына 8-10 жолу ооруп чыгышат. Негизинен оору адамдын иммунитет системасынын калпташуусуна таасир берет. Оорубаган баланы өстүрүү мүмкүн эмес. Бирок анын иммунитетинин туура калпташуусуна, вирустар менен инфекцияларга каршы тура алгыдай ден соолугун сактоого жардамдашууга болот.

Баланын тамактануу рационуна маани бериңиз

Курамында С, Е витаминдери бар тамактар, каротиноиддер, омега-3 майлуу кычкылдары менен пробиотиктер баланын иммунитетинин бекем болушуна жардам берет. Ал үчүн:

Кантты пайдаланууга чектөө коюңуз. Кант жана башка таттуулар иммунитет системасын бузат. Ошондой эле, баланын гиперактивдүү болушуна таасир берет жана баланын уйкусун бузат.

Балага көп-көптөн жер-жемиштер менен мөмөлөрдү жегизиңиз. Алар кулпунай, коон, булдүркөн, апельсиндер, гуава, папайя, манго болушу мүмкүн. Иммунитетти төмөндөгү жемиштер жакшы көтөрөт: картошка, брокколи, сабиз, капуста жана шпинат. Бул жемиштер менен мөмөлөр витаминдер менен антиоксиданттарга бай, кандын курамындагы клеткалардын, анителдин көлөмүн арттырууга жардам берет жана зыяндуу шишикти алдын алат.

Баланын тамактануу рационуна балык менен балык майын кошуңуз. Ал эми балыктын курамында макрофактардын активдүүлүгүн артыруучу омега-3 майы бар. Макрофагимак – организмдеги бактерия менен азыктануучу клеткалар. Балага жумасына 85 грамм балык жегизип турган оң. Балык майын күнүнө бир капсуладан берген жетиштүү.

Тамак-аштын курамына пробиотиктерди кошуңуз. Пробиотиктер – адам ичегисинде жашаган пайдалуу бактериялар. Пробиотиктери бар тамактар (йогурт, сүт азыктары жана башка) ротавирустук жугуштуу инфекциялардан коргойт.

2. Уколдорду убактысында алыңыз

Баланын ийне алуусун көзөмөлдөп туруш үчүн, педиатрга барып туруңуз. Вакцинация көптөгөн ооруларга каршы иммунитеттин калпташуусуна жардам берет.

Стандарттуу ийне сайдыруу бөлөк, жылына бир ирет сасык тумоого каршы вакцинация жасоого болот (дарыгердин кеңеши менен).

3. Баланын жеткиликтүү уктоосуна маани бериңиз

Балдар күнүнө 12-13 сааттан укташ керек. Туура уйку – дени сак иммунитет системасынын кепилдиги.

Эгер баланын уйкусунда кандайдыр бир маселе болсо, педиатрдын жардамына жүгүнүп, боштуктун ордун толтуруңуз.

4. Балага физикалык күч-кубат керек

Физикалык көнүгүүлөр организмдеги клеткаларды көбөйтүүгө жардам берет. Мындан сырткары машыгуунун баланын ден соолугуна пайдасы өтө көп.

Үй-бүлөңүз менен бирге активдүү эс алууну бат-баттан уюштуруп туруңуз. Мисалы, велосипед тебиңиздер, парктарда, табигат курчоосунда көп жүрүңүздөр же топ менен ойноңуздар.

5. Баланы тамеки түтүнүнөн коргоңуз

Тамеки түтүнүн жыттаган балдар бронхит, кулак оорусу, астма жана башка оорулар менен көп оорушат. Кичинекей балдар бат-баттан дем алышат, натыйжасында токсиндерди чоңдорго караганда көбүрөк бөлүшөт. Ошол себептен тамеки түтүнүнөн баланы сактоо өтө манилүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!