Жайкы лагерге балаңызды жөнөттүңүзбү?

Жайкы лагерге балаңызды жөнөттүңүзбү?
4-Июль 2018, Шаршемби, 12:55

Көптөн күткөн жай мезгили да кирип келди. Балдардын жайкы эс алуусун пландоочу убакыт келип жетти. Анын эң жакшы чечими– балдарды айылдагы чоң-ата чоң энесине же жайкы лагерге жиберүү. Балдар лагеринин бир нече жакшы жагын айта кетсек:

Күн тартиби. Эрке балдарды тартипке салууда күн режими эң жакшы курал. Күндө бир убакта тамак ичүү, бир убакта милдеттүү түрдө берилген тапшырмалар менен алектенүү баланы тартипке гана үйрөтпөй, ден-соолукка да пайдасын тийгизет.

Таза аба. Өзгөчө чоң шаардын тургундары үчүн бул өзөктү маселе. Алар чыныгы таза абаны кышында чана тебүүгө чыкканда жана жазында тоого эс алууга барганда гана сезе алат десек болот. Унаалар менен заводдор түтүнсүз, табият койнундагы таза аба, балдардын организмине өтө жакшы таасир берет.

От жагуу. Пионерлер лагериндеги кечки от жагуунун романтикасын элестетиңизчи. Анын жыты, түсү... Жан-дүйнөгө ырахат тартуулоочу учур... Мунун баардыгынан балаңызды чектөөгө болобу?

Оюндар менен жарыштар. Лагерде милдеттүү түрдө канчалаган түрдүү жарыштар менен оюндар уюштурулат. Чемпионду аныктоочу байкоолор менен спорттук жарыштар баланы түрдүү багытта өзүн сынап, өнүгүп-өсүүсүнө жардам берет.

Жаңы илим. Активдүү оюндардан балдарды бир күнү сүрөт тартырса, башка бир күнү пластилинден форма жасоого, гербарий жыйноого машыктыруучу түрдүү мугалимдер жумуш иштешет. Бул сабактар да жаңы өсүп келе жаткан жаш наристелер үчүн мааниси зор.

Жаңы достор. Балаңыз тез тил табыша албаса, уялчаак, болсо да, башка балдар менен милдетүү түрдө таанышат. Ким билет, мүмкүн чыныгы өмүрлүк досту ушул жерден табат чыгаар. Өзүңүз да кичинекей кезде бир топтогу балдар менен кат алышып турган чыгаарсыз?

Көз карансыздык. Үйдө сиз балаңыздын көп ишин өзүңүз жасап бере турган болсоңуз, ал эми бул жерде төшөк салып, жыйноону, керек болсо кийимин жууганды да, башка жумуштарды аткарууну өз моюнуна алат. Ал эми сиздин жаныңызда ар дайым эле жүрө бербейт, бир күнү өзүнчө жашоо куруп, уядан учат. Өз башына өзү жооп берип, сиз жок жерде да өзүн туура алып жүргөн адам болуп өсүүсүнө бала чагынан көзөмөлдөңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Актриса айылга 4 миллион евро керээз калтырды
Актриса айылга 4 миллион евро керээз калтырды
​Эртең Кыргызстан менен Жапон футболчулары беттешет
​Эртең Кыргызстан менен Жапон футболчулары беттешет
Цукерберг
Цукерберг "Iphone" колдонгонго тыюу салды
Бишкек-Ош  жолунда газ ташуучу унаа өрттөндү
Бишкек-Ош жолунда газ ташуучу унаа өрттөндү
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Маселелер мен Өзбекстанга расмий визитимдин учурунда чечилди"
Пафф Дэддинин жубайынын сөөгү Лос-Анджелестеги үйүнөн табылды
Пафф Дэддинин жубайынын сөөгү Лос-Анджелестеги үйүнөн табылды
​Кадыров беш жаштагы спортчуга
​Кадыров беш жаштагы спортчуга "Mercedes" белек кылды(видео)
Россияга күйүүчү май ташылып кетүүдө
Россияга күйүүчү май ташылып кетүүдө
Казакстан ракета кырсыгы боюнча актыларды Россияга жөнөттү
Казакстан ракета кырсыгы боюнча актыларды Россияга жөнөттү
2017-жылы сатып алуулар порталында 72,8 млрд сомго конкурс жарыяланган
2017-жылы сатып алуулар порталында 72,8 млрд сомго конкурс жарыяланган
 «Instagram”  бир саамга иштебей калдыбы?
«Instagram” бир саамга иштебей калдыбы?
​Криштиану Роналду үйлөнүүнү чечти
​Криштиану Роналду үйлөнүүнү чечти
"Бишкек мен сени сүйөм" инсталляциясын ким сындырганы аныкталды
​ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү жогорулайт
​ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү жогорулайт
Башкы прокуратура бир нече аскерге кылмыш ишин козгоду
Башкы прокуратура бир нече аскерге кылмыш ишин козгоду
Президент экс-премьерлер жана спикерлер менен качан жолугушарын айтты
Президент экс-премьерлер жана спикерлер менен качан жолугушарын айтты