Кыймыл-аракет менен психиканын өнүгүшү

Кыймыл-аракет менен психиканын өнүгүшү
19-Июль 2018, Бейшемби, 11:58

Наристенин ай сайынкы өнүгүшүндөгү өзгөрүүлөр:

1 айлык бала тик көтөргөн кезде башын кармоого тырышат;

2 айында көмкөрөсүнөн жатып, башы менен көкүрөгүн көтөрөт;

3 айлыгында көмкөрөсүнөн жатып, жөлөнүп денесин көтөрөт, таяп кармаса, жамбаштап отурат, чалкалап жатып, бир жак капталга оонап, моюну катып, башын тик кармайт;

4 айлыгында кыймылы чыйрак болуп, жеңилдей түшөт. Бала көтөрүлгөндө алаканы менен жерди тиреп, ары бери оонай баштайт. Чалкалап, ар түрдүү заттарды колуна кармайт;

5 айлыгында жөлөнүп отурат, колунан кармаса тизесин бүкпөй түз турат;

6 айлыгында карматпай өзү отуруп, же тик туруп, бутун шилтеп, басууга талпынат.

7 айлыгында эмгектеп, өзү отуруп, тизелеп турат, колунан кармаса, аттап кадам таштайт, оюнчуктарын бир колунан экинси колуна алмаштыра алат;

8 айлыгында өзү отуруп, башын өзү көтөрө алат. Бир нерсени кармап басууга аракет кылат.

9 ай толгондо кас турат жана колунан жетелесе кас-кас басат;

10 айлыгында өзү отуруп, туруп, үстөлдү тегеренип басып, бир колунан кармаса, алгачкы кадамын таштаганга талпынат;

11-12 айлыгында бир колунан кармаганда жакшы басып, карматпай эле өзү басууга аракет кылып, өзү отуруп, жерде жаткан затты тизелеп жерден көтөрүп ала баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!