Баланы узак убакытка чейин эмизүүнүн пайдасы

8-Авг. 2018, Шаршемби, 11:20

Эне болуу бактысы өзү эле кандай керемет. Дени сак энеден, дени сак бала төрөлөт демекчи. Эненин иммунитети канчалык жогору болсо, баланыкы да бекем болот.

Статистикага красак Якутияда энелер балдарын алты айга чейин же бир жылга чейин эмизет. Ал эми Боливия, Кения, Перу жана Италия өлкөлөрүндөгү энелер балдарын көп убакытка чейин эмизүүнү туура көрүшөт. Баланын канчалык эне сүтүн эмип чоңоюсу анын дени сактыгынан кабар берет. Ошондуктан доктурлар, гинекологдор жана терапевтер жаңы төрөгөн энеге болгон кеңештерин берип. Аларга эне сүтү канчалык дары экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин алып барат. Энелер менен жакындан мамиле болушат.

Дүйнөлүк уюмдун изилдөөсү боюнча, эне баласын жок дегенде эки жашка чейин эмизүү керектигин айтышты.

Бардык энелерге жаңы төрөгөндө баланы кайсы убакта эмизүү керек суроосу кызык болуш керек. Эне жаңы төрөп абдан чарчаңкы абалда болуп. Жаңы төрөлгөн бала уйкуда болот эмеспи. Ошол себептен ойготпой коё турайын, деген сууролор туура эмес. Акыркы изилдөөнүн жыйынтыгында: жаңы төрөгөн эне баласын канчалык эрте колго алып, эмизсе анын төрөттөн кийинки формасы эрте калыбына келерин далилдешти.

Жаңы төрөгөн эненин ууз сүтүн, канчалык бала көп эмсе, ал аялдын жатыны ошончолук эрте жыйрылат.

Демек, дүйнө уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, жаңы төрөгөн аял баласын жарым саатта колго алып эмизүү керек экендигин белгилеп өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!