Ымыркайды канткенде оорутпай багууга болот?

6-Апр. 2017, Бейшемби

Төрөт үйү... Мына ушул жерде ата-энени 9 ай күттүргөн ымыркай жарыкка келет. Бирок аны кантип оорутпай чоңойтуш керек? Эне алгачкы айда эң жөнөкөй эмнелерди билүүсү кажет?

Баланын эки эмгеги болот

Ымыркайдын баш сөөктөрү бирикпеген абалда болот. Андыктан үч-төрт сөөктүн кошулган аралыгында жумшак бөлүкчөлөр (эмгеги) орун алат. 3 айында кичине эмгеги (баштын арт жагында) катат, маңдайындагы чоң эмгеги 9-14 айында жетилет. Эмгектери былкылдап билинип тургандыктан, башын бир нерсеге уруп албоого тырышыңыз. Башына шапке кийгизип коюу керек.

Балага жаздык жаздабайт
Жаздык аба өткөрбөй, баланы ысытып, жүдөтөт. Кокус тоголонуп кетсе, тумчугуп калышы да мүмкүн. Андыктан балага жаздык жаздалбайт. Жок дегенде 7-8 айына чейин жаздабоо туура. Башы ылдый болуп калса, анда жумшак жалаягын же жумшак сүлгүнү 2-3 кабаттап жаткырып койсо болот.

Киндиктин чыгып калуусу эмнеден?
Киндиктин чыгып калуусу (грыжа) тубаса болот. Курсак булчуңдарынын алсыздыгынан келип чыгат. Мындай балдарды хирургга көрсөтүп, кеңеш алуу кажет. Адатта хирургдар лейкопластырды кат-каттап чапташат. Энеге баланы көбүрөөк кыймылдатып, курсагынын булчуңдарын чыңдаш керектиги тууралуу көрсөтмөлөр берилет. Мисалы, баланы көмкөрөсүнөн жаткызса ал кыймылдап, тыбырчылайт. Муну бир күндө бир канча ирет кайталоо кажет. Ушунун өзү курсак булчуңдарынын чыңдалып, чыгып калган киндиктин ордуна келишин шарттайт. Киндиги чыкпаган баланы деле күнүгө ушинтип 4 жолудан көмкөрөсүнөн жаткызып, кыймылдаганга шарт түзсө бала сергек, кыймылдуу болуп чоңоё баштайт.
Киндигинин грыжасы 2 сантиметрден чоң болуп чыгып калган айрым учурда гана операция жасалышы мүмкүн.

Ичине жел турса...

Ичине жел турган бала чиренип, чырылдап ыйлайт. Жел туруу адатта эмчекти туура эмес салып эмизгенде, баланы жуунткандан кийин кеч кийинткенде же бөтөлкөдөгү аралашманы туура эмес ичиргенден пайда болушу мүмкүн.
Жел туруунун алдын алуу үчүн бала эмип жатканда жел кошо кирип турбагыдай кылып эмчекти оозго чаптап, ал эми жасалма сүт менен тамактанган балага бөтөлкөнүн ичиндеги суюктук упчуга толуп тургандай абалда шашпай ичирүү керек. Жуунткандан соң батыраак кийинтүү зарыл. Ал үчүн кийимдерин алдын ала бири-бирине кийгизип койгон оң. Мисалы, ички жука көйнөгүнүн жеңдерин сырткы кофтасынын жеңдерине салып, кийгизип.
Жел турганда бир кичине кашыктан укроп суусун берсе да (дарыканада сатылат) болот. Жел туруудан бала ыйлай баштаса массаж жасаңыз. Ал үчүн баланы чалкасынан жаткырып, киндигинин айланасын саат жебеси боюнча айлантып сылаңыз. Эгер үйдө баланын атасы болсо, ал үстүн толук чечип (майкасын да) жылаңач денесине баланы тик абалда боорго кысып кармап, баланын курсак тушун сылап-сыйпаса бала жел чыгарып, кекирип, эс алып калат. Баланын ичин жука жалаягы менен жылуу ороп көтөрсө да жакшы.
Жел туруу эненин алгачкы сүтүн саабай эле эмизип салганынан да болот. Алгачкы сүттө көмүртек көп болот, андыктан ал оңой менен аш болбой, ичти көптүрөт. Андыктан ар убак эне баланы эмизер алдында алгачкы сүттү бир аз саап салып, анан сүтү менен эмчегинин үрпүн тазалап туруп эмизүүсү керек.

Оозул

Оозул (стоматит)– ооздун былжыр челинин сезгениши. Бала оозул болбошу үчүн анын упчусун, аралашма тамак берген шишесин жууп туруу керек. Оозул үчүн чыгарылган нистатин таблеткасы, дары майы бар. Дарыгердин көрсөтмөсү менен аларды колдонсо болот. Эгер өтүшүп кетсе, дарыгердин көрсөтмөсү менен тиешелүү антибиотиктерди кабыл алуу зарыл.

Ич өткөккө кабылса...
Ич өткөк ымыркайды колду жуубай эмизгенден, упчуну тазалабай бергенден келип чыгат. Эне туура эмес тамак жеп алып ичи өтсө, баланын да ичи өтүүсү күтүлөт.
Ымыркайларда ич өткөк 2-3 сааттын ичинде эле күчөп кетет. Андыктан педиатрга көрсөтүү, дарыларды алуу керек.

Баланын ичинин катуусу
Жаңы төрөлгөн балдарда ичтин катуусу 2-3 себептен улам келип чыгат: баланы аз эмизүү же эмчек сүтү тойгузбай, балага жасалма тамактарды (атайын аралашма) берүүдөн. Эгерде энесинин ичи катып жүрсө, баласынын да ичи катат. Анткени эне жеген тамак-аш сүт аркылуу балага барат. Эне суюк тамактарды, жашылчаларды, кургатылган жемиштерди, дегеле витаминдүү тамактарды жесе, бала да бат торолуп, организми керектүү витаминдер менен камсыздалып турат. Анемия да, итий да болбойт. Уйдун сүтү балага пайдасыз!
Баласын сүтү менен тойгуза албаган энелер уйдун сүтүн беришет. Дарыгерлер уйдун сүтүн берүүгө каршы. Анткени ал кеч сиңет, курамында балага керектүү витаминдер да аз. Андыктан атайын чыгарылган даяр аралашма тамактарды берүү кажет. Анда керектүү заттар да, витаминдер да бар. Жасалма тамактарды бергенде баланын ичи катпагыдай кылып өлчөмү жана убагы менен берүү шарт. Муну педиатрлар баланын салмагына, абалына жараша айтып беришет.

Упчуга жана шишеден ичүүгө үйрөтпөңүз

Балага упчу бербөө, ага үйрөтпөө керек. Кээ бирөөлөр бала ачка ыйласа эмизет да, анан бала эмчекти оозунан чыгарса тойду деп эмизбей коюшат. Бала кайра ыйласа оозуна упчу салышат. Бул жаңылыштык, анткени кичине баланын жаак булчуңдары өнүкпөгөндүктөн, эмгенде бат эле жаагы карышып, чарчап калат. Андыктан бала эс алыш үчүн күтүп, анан эмизүүнү улантуу кажет.
Куру упчу эмгенде баланын ичине жел кирет, анын үстүнө ашказаны куру иштей берип, эмчек сүтүнүн сиңиши начарлайт. Упчудан тиштер кыйшык чыгып калат.
Баланы бөтөлкөдөн ичүүгө да үйрөтпөө зарыл. Андан көрө кашык, чай чыны менен ичүүгө үйрөтүү оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!