Техникалык каражаттардын балдарга болгон таасири

Техникалык каражаттардын балдарга болгон таасири
5-Сен. 2018, Шаршемби, 15:32

Учурдун талабына ылайык техникалык каражаттар өнүккөн мезгилде, ата-энелердин балдарына болгон тынчсыздануулары улам сайын күчөөдө. Алардын жаш балдарга болгон таасири кандай?

1.Балдардын күн бою техникалык каражаттар менен отуруусу алардын дене-түзүмүнө зыян келтирет. Тагыраак айтканда омурткалардын кыйшайуусуна жана семирүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет. Англияда балдар берилген физикалык тапшырманын жарымын гана аткарууга жөндөмдүү экендиги айтылат.

2.Интернеттеги бир канча видеолор, сүрөттөр жана андагы дизайн балдардын мээсинин схемалык түзүмүн өзгөртөт. Ошондой эле алардагы дофамин гормонун пайда кылат. Бул гормондун пайда болуусу менен алардын мультфильмдерге, оюндарга жана видеолорго болгон көз карандылыгы көбөйөт.

3.Балдардын техникалык каражаттарга жакын болуусу, алардын ой жүгүртүүсүн чектеп, өз алдынча ойлонуу жөндөмдүүлүгүн азайтат.

4.Акыркы учурларда социалдык медианын таасиринен улам, балдарга жетиштүү мээрим жетпей жана алардын жалгыздык сезимин баштан өткөрүп жаткандыгы айтылып кедет. Америкадагы изилдөөлөрдө убактысын күнүгө төрт сааттан ашык интернетте отурган балдарда өзүн-өзү өлтүрүү тенденциясы күчөгөндүгү айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!