Мультфильмдер үчкө толо элек балага кандай таасир берет?

Мультфильмдер үчкө толо элек балага кандай таасир берет?
6-Сен. 2018, Бейшемби, 14:15

Биз кээде көп ишти «автоматтык» түрдө жасай беребиз. Канча маанилүү болсо да, бала тарбиясында да ал адат калбай келет. Мисалы, балага биздин тынчыбызды ала бербеши үчүн ар кандай нерсени ойлонбой жасап алабыз. Эшикке чыгарып жиберебиз. Колуна сынып кетчү заттарды бере салабыз. Бирөөлөргө: «Баланы алчы» деп колуна карматып жиберебиз. Баарынан кооптуусу, көгүлтүр экрандын алдына отургузуп, «бир нерсени» көрсөтүп отургузуп коёбуз. Бала ага алаксып отурганда, үй жумуштарын жасап алабыз. Мунун коркунучтуусу – 3 жашка толо элек балага сыналгы көрсөтүү.

Баланын психологиясы менен физиологиясын жакшы билген адистер бул жаштагы наристелерге ар түрдүү видеороликтер зыян экенин айтышат. Кинонун гана эмес, ар кандай жарнаманын, мультфильмдер да зыяндуу. Үчкө толбогон балдар медиматериалдын мазмунуна эмес, анын «жылып жаткан» аракеттерине маани берет. Тактап айтканда, аларда сенсорлук кабыл алуу процесси жүрөт. Ал эми бул балага өтө зыян. Мындай учурда наристенин мээсинин өнүүгүүгө тийиш кыртыш менен нейрондук бөлүктөрү жетилбей токтоп калат. Баланын кыймыл-аракетине да сыналгы чоң таасир берет. Ушул жаштан тартып балада жаман адат пайда болот.

Бул кезде бала өзүн кызыктырган жаркыраган затка умтулат, ага колун созуп, кармаганга тырышат. Бул кыймыл-аракет активдүүлүгү баланын туура жетилүүсү үчүн өтө керек. Алардын себебинен бала көптөгөн кыймыл-аракеттерди үйрөнөт. Ал эми мультфильмдер ушулардын өнүүгүсүнө тоскоолдук жаратат.

Негизи, үч жашка толо элек бала ары-бери чуркап, жүгүрүп туруш керек. Кичинекей болсо да айланадагы адамдар менен мамиле куруп өз тилинде сүйлөп, өнүгүүсү кажет. Заттарга кол тийгизип, кармап кабылдоо касиеттерин өнүктүрүү тийиш. Ал эми ар бир ата-эне баласынын дени сак өсүүсү үчүн туура кам көрүү керек экенин түшүнүшү кажет.

Кээ бирөөлөр: «Бул мультфильм эле го, балдарга арналган... » деши мүмкүн. Кандай гана кооз же болбосо кызыктуу, мазмундуу мультфильм болбосун, ал балага өтө зыян. Ал мультфильмди көргөн учурда баардык кабыл алуу жөндөмдөр кошулганы менен андагы чапчаң кыймылдарды таразалап, өздөштүрүп жетишпей калат. Бала өзүн курчаган айлана-чөйрөнү шашпай, балалык деңгээлге байланыштуу үйрөнүп отурат. Ар бир нерсенин көлөмүн, формасын көрөт. Баарына өзүнүн көзүн жеткирет.

Ал эми азыр 3 жаштагы бала гана эмес, бир жаштагы наристелерди да сыналгы алдына жаткырып коюп же колуна телефон карматып алаксыткан ата-энелерди көп эле көрүп келебиз. Бул өз балабыздын келечегине көңүл бурбоо деген гана сөз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Эйнштейндин нацисттик бийликке чейин
Эйнштейндин нацисттик бийликке чейин "тунгуюктуу мезгил келатат" деген каты...
“YouTube”да бекер фильмдер пайда болду
“YouTube”да бекер фильмдер пайда болду
Кайсы белгилүү кроссовкалар ден-соолукка зыян?
Кайсы белгилүү кроссовкалар ден-соолукка зыян?
20-ноябрь:айрым райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт
20-ноябрь:айрым райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт
​Мейвезерге Хабиб менен таймашууга 150 миллион доллар сунушталды
​Мейвезерге Хабиб менен таймашууга 150 миллион доллар сунушталды
Башкалардын өтүнүчүн аткаруудан кантип баш тартыш керек?
Башкалардын өтүнүчүн аткаруудан кантип баш тартыш керек?
Мэрия
Мэрия "Тез жардам" кызматына 6 унаа тапшырды
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Абылгазиев деңиз куралдарын өндүргөн ишканага барды
Абылгазиев деңиз куралдарын өндүргөн ишканага барды
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду