Баланын дене табы көтөрүлгөндө эмне кылуу керек?

Баланын дене табы көтөрүлгөндө эмне кылуу керек?
15-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 10:53

Баланын ооруп калуусу ата-энелер үчүн эң көйгөйлүү маселелердин бири. Негизи көпчүлүк учурда дене таптын көтөрүлүүсү күз айында башталат. Анткени абанын температурасы салкындап, ага баланын организми көнүүгө ыңгайлашат. Бир четинен дал ушул мезгилде ар кандай вирустук оорулар да козголот. Муну менен бирге күзгү аба ырайына таң калбай койсо деле болот. Эртең менен жаан жааса, түштөн кийин күн ачылып дегендей. Баланын дене табы көтөрүлгөндө, ата-энелер аны түшүрүү үчүн өз алдынча ар кандай ыкмаларды колдоно башташат.

Дене таптын көтөрүлүүсү пайдалуубу же кооптуубу?

Баланын шамалдап же кайсы бир вирустук оорудан улам дене табынын көтөрүлүүсүн айрым доктурлар кадимки эле көрүнүш экендигин айтып келет. Анын себеби организм тазаланып, иммунитет пайда болот экен. Мисалга, дене тап 38 градус же андан ашкан учурда өзгөчө интерферон белогу пайда болуп, организмдеги вирустарды өлтүрүүгө жардам берет. Ал көбүнчө оору пайда болгондон экинчи жана үчүнчү күнү байкалат. Ошол себептен улам суук тийүүдөн соң, төртүнчү күн дегенде адам айыгат.

Ал эми айрым педиатрлар баладагы дене таптын көтөрүлүүсүн, ар бала ар кандай көтөргөндүгүн айтып келишет. Мисалга, айрым балдар дене табы 37,5 градус болгондо эле калтырап баштайт.

Ошондой эле эки көз караштагы доктурлар, дене таптын 39 градустан ашкандыгын кооптуу деп эсептешет.

Дене тап көтөрүлгөн учурда эмне кылуу керек?

Балага суу көбүрөөк берип, аны көзөмөлгө алуу керек. Мисалга, газдалган же шекер кошулган суюктук болбойт. Жөн гана жылуу суу берген жакшы. Муну менен бирге малина чай дагы жардамга келмекчи. Эки жашка чейинки балдарга ар он мүнөт сайын, бир ууртам суу берип туруу абзел. Үйдүн температурасы 18 градустан ашпаганы жакшы, нымдуулук 60-70 пайыз сакталышы шарт. Ошондой эле бөлмөнү үч ирет нымдап, жууп туруу кажет.

Баланын дене табы көтөрүлгөндө эмне кылууга болбойт?

Эч качан баланын денесине спирт сүйкөп, дене табын түшүрөм деп ойлобоңуз. Ал анткени баланын денесине зыян алып келет экен. Музду денеге басуу дагы туура эмес. Ооруган баланы шейшепти суулап, аны ороо дагы болбойт. Мисалга, парацетамол дарысын, сироптордун жардамы менен дене тапты түшүрүү мүмкүн. Эгерде бала вирустук ооруга кабылса парацетамол дарысы жардамга келбейт. Ошондой эле ал дарыны үч-төрт күн катар берүүгө да болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!