Баланын окууга болгон ынтызаарын кантип ачса болот?

Баланын окууга болгон ынтызаарын кантип ачса болот?
14-Ноя. 2018, Шаршемби, 15:50

Баланын аң-сезимин, чыгармачылык жөндөмүн, сөздүк корун, руханий байлгын өнүктүрүүгө (пайдасын тизмектей берсек, албетте көп), жалпысынан адам болуп калыпташкандан тартып китептин орду өзгөчө. Психологтор баланын китеп окууга деген сүйүүсүн ачууга алгачкы 9 жылда жетишүү керектигин айтат. Албетте ар бир ата-эне (өзгөчө азыр, интернет кенен жайылган заманда) баласынын билимдүү, акылдуу азамат болуп өскөнүн каалайт. Ал үчүн баланын китеп менен дос болуусун, жакшы көрүсүүнүн мааниси чоң. Ал эмибаланынын китепке деген ынтызаарын кандай ачууга болот?

Бала ата-энесинен үлгү алат, ошондуктан эң алды менен китеп окууганды өзүңүз баштаңыз;

Бала жашоого келери менен жомок, бешик ыры, батырлар тууралуу аңгемелерди, элдик оозеки чыгармаларды айтып берүү керек;

Окууга күн сайын аз дегенде 5-10 мүнөтүңүздү жумшаңыз;

Китепти баланын маанайы жакшы (уйкусу канып, курсагы ток) кезде окуган жакшы;

Баланын кызыгуусун арттыруу үчүн кооз түрлүү-түстүү сүрөттөрү бар китептерди алсаңыз болот;

Текстти кооз добуш менен, ыргак менен, жакшы маанай менен, чын ниеттен окуп бериңиз;

Окуган чыгармаңызды талкуулаңыздар, каармандардын кайсынысы жакты, жакшы-жаман, туура-туура эмес, болот-болбойт деген эрежелерди түшүндүрүңүз, балаңызга суроолорду коюңуз, кыйналып жатса жардам бериңиз;

Жашына карай баланын ар бир окуган тамгасына, сөзүнө, сүйлөмүнө, ар бир чыгармасына (аңгеме, повесть, ыр ж.б) мактап туруңуз;

Баладан бир китепти окуп чык деп кыйнап, “талап” кылбаңыз;

Китеп окуунун адамга канчалык пайдалуу экендигин айтыңыз (китепти көп окуусаң чоң азамат болосуң, акылдуу болосуң ж.б.у.с.).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!