Баланын ден соолугуна карап спорт тандаңыз!

27-Апр. 2017, Бейшемби

Ар бир ата-эне өзүнүн баласынын келечегин тууралуу кыялданат эмеспи. “Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет?” дегендей азыр гана бешигинде таттуу уйкуда жаткан баланын келечеги үй-бүлөсүн ойлондурбай койбойт. Окумуштуу, саясатчы, кол өнөрчү, спортчу же болбосо мугалимби? Наристе өзүнүн өмүр жолун баштоо чагында турат, ошондуктан ага баардык мүмкүнчүлүктөрдүн жолу ачык. Ал ата-энесинин максаты-баланын жетилген убактысын бош өткөрүп албоо керек. Туура тарбия берүү кадамдары баланын көптөгөн мүмкүндүктөрүнө жол ачып, ар тараптан өсүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Сиздин балаңыз бир ордунда тура албай жана анын кандайдыр бир укмуштуудай физикалык кырлары пайда болуп баштаса, милдетүү түрдө белгилүү бир спорт ийримине бериңиз. Мындай балдар анда-санда ичиндеги энергиясын сыртка чыгарып туруусу кажет. Ошону менен бирге өзү шыктуу келген спорт менен машыкса ага тез эле үйрөнүп кетет. Ал эми сиздин балаңыз алсызбы? Тез ооруп кала береби? Маанайы көтөрүнкү боло бербейби? Мындай балдарга да спорт менен дене чыныктыруунун пайдасы зор. Милдеттүү түрдө жасалган көнүгүүлөр-дене менен рухтун жетилишине, калыпташышына, өзүнүн эртеңки күнүнө ишенүүсүнө, ошону менен бирге өзү теңдүүлөр арасында артык көрүнүүсүнө жардам берет. Ошондой эле сиз балаңызды спорт ийримине бергиңиз келсе кандай спорт түрүн тандоону каалайт. Ушу жерде ата-энеге эскертүүчү жагдайлар бар. Биринчиден, өзүңүз убагында жасай албаган, кыялданган спорт түрүнө берүүдөн алыс болуңуз. Себеби, балаңыз ал спорт түрүн жактырбашы же болбосо шыгы жок болушу мүмкүн. Бала менен спорт тууралуу сүйлөшүп, спорттун кандай түрлөрүн жактыраарын билип алыңыз.

Экинчиден, спорттун түрүн тандаганда баланын башка да хоббилерин (музыка, сүрөт тартуу, чет тилдери) эске алуу керек.

Үчүнчүдөн, балаңызды машыктырган машыктыруучуга да көңүл бөлүңүз. Алгачкы машыгууларына катышып, байкоо салыңыз. Ошону менен бирге машыктыруучулар керектүү витаминдерди ичүүсүн сунуштап жатса, аны дарыгер менен кеңешип, зыяны менен пайдасын билгенден кийин гана бериңиз. Себеби, кесипкөй спортто витаминдер, башка да күч берүүчү дарылар ашканадагы тамактар эмес!

Төртүнчүдөн, тандаган спорттун түрүнө токтолуп маалымат жыйнаңыз (тарыхы, белгилүүлүгү, жаракат алуу мүмкүндүгү). Статистика боюнча, жаракат алуу мүмкүндүгү боюнча альпинизм менен тоого чыгуу кооптуу келет. Бул спорт түрлөрүндө жаракат алуу-өтө оор абалдарга жана өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн. Андан кийин унаа жарыштары, парашют, ат спортунун түрлөрү. Андан кийин кышкы спорт түрлөрү, хоккей, америкалык жана европалык футбол.

Ооба, ата-энелер үчүн баланын канча жаштан баштап спорт ийримдерине алып баруу керек экендигин билгени жакшы. Бирок, андан мурда да эскерте кетчү нерсе бар. Негизгиси балаңыздын ден соолугун текшертип алыңыз. Ошого жараша балаңызды спорт ийиримдерине бере баштасаңыз болот.

Эгерде балаңыздын омуртка, моюну оорутуп жаткан болсо-сүзүү, крикет, кылычташууга (фехтование) бергениңиз оң. Ал эми тоого чыгуу, жеңил атлетика жана теннис сыяктуу түрлөр зыяндуу болушу мүмкүн. Себеби, омуртканын жабыркаган абалында ар бир эле адамга тез кыймылдоого, жүгүрүүгө болбойт.

Эгер балаңыз май таман болсо сүзүү, спорттук гимнастика, лыжа жана ушул сыяктуу спортко катыштырыңыз. Ал эми үстөл тенниси, ат спорттору, футбол, жеңил атлетика жана муз үстүндө бийге катыштырбаңыз жөн. Себеби, тамандын ийилүүсү алсыз болгондуктан катуу жана тез жүгүрүү менен секирүү ден соолугуна кооптуу болот.

Өпкөгө суук тийген кезде же дем алуу органдары ооруган маалда жаш балдарды кышкы спорт менен машыктырган пайдалуу. Гимнастика, жеңил жана оор атлетика, теннис, футбол, сузүү, волейбол, баскетбол жана эшектен секирүү сыяктуу спорт түрлөрүнө алып барбаганыңыз жакшы. Себеби төш булчуң эттерине катуу кыймылдаган оор болот. Таза абада машыгууга кеңеш берилет: бул дем алуу жолдорун жакшыртат.

Көздүн көрүүсү начар балдар үчүн бий менен үстөл тенниси сыяктуу спорт түрлөрү сунушталат. Ал эмикөп күч талап кылган оор атлетика, гимнастика, бокс, күрөш көзгө тескери таасир берет. ошону менен катар лыжа, коньки, футбол жана волейбол менен кесипкөй түрдө машыкпаганы туура. Көпчүлүк учурда машыгуу залдарында булчуң этке пайдалуу көнүгүүлөрдү жасаган жакшы. Булчуң эттер көзгө күч алып келүүдөн сактайт. Бир кызыгы эгер бала өзү каалабаган спорт менен машыкса, артерия кан басымы менен көздүн булчуң эт тонусу көтөрүлүп кетет. Бул ооруну күчөтүп жибериши ыктымал.

Балаңыздын ашказаны ооруган болсо футбол, волейбол, чоң теннис жана хоккей сыяктуу спорт секцияларына алып барбоо керек. Ашказан оорусунда ийилип кыймыл жасоого болбойт.

Бирок, ошондо да балаңызды кайсы спорт ийримине алып барууну билбей жатсаңыз, башка да варианттарды караштырып көрөт чыгарсыз. Мисалы, бий- эч кандай да терс жана зыяндуу жактары жок. Балаңыз кичинекей болсо анда бий ийримине жазыңыз. Анда бала жалпы физикалык даярдыктан өтүп, ошону менен бирге жакшы музыкалык тарбия да алат. Кийинчерээк дарыгер менен акылдашып спорт ийримдерине катыштыра аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!