Газдалган суусундуктар тиштин эмалын бузат

25-Май 2017, Бейшемби

Жаш балдардын тишин сактоо үчүн газдалган суусундуктар менен катар ширелерге да чек коюңуз. Тиш догдурлардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй суусундуктардын курамындагы кислотанын жогору болушу тиштин эмалына үч эсе коркунуч алып келет. Эгер ата-энелер эмалдын бузулуусун алдын алуу үчүн ичкенден кийин тиш пастасы менен жууп салабыз дешке жаңылышат.

Себеби эксперимент көрсөткөндөй 30 гана секунд ичинде ширелер жана газдалган суусундуктар зыян алып келээрин байкоого болгон. Изилдөөнүн автору Сарбин Ранджиткар “эмалдын эрозия убагында диагноз коюу кыйынга турат”,- деп билдирди. Өтө кеч аныкталгандыгына байланыштуу, ал көп учурда татаал жана буга көп тиштер да дуушар болуп келет.

Белгилүү болгондой наристелер жана жаш балдар газдалган суусундуктарды өзгөчө жактырышып ичишет.

Окумуштуулар балдардын тиштериндеги эмалда боло турчу симптомдор жөнүндө эскертишет. Биринчиден, бул түнкүсүн тишти кычыратуу. Көптөгөн ата-энелер бул көрүнүштү курттардын пайда болушу менен байланыштырса, бирок бул көйгөй эмалдын бузулушунун бирден-бир себебине алып келет. Кээ бир балдарда ашказандын кычкылдануусунун жогорулоосу сыяктуу оорулардын аныкталбай калуусунан келип чыгуусу ыктымал. Ал эми газдалган суусундуктар узакка созулган өнөкөт ооруларга алып келиши мүмкүн.

Ширелер албетте пайдалуу бирок аны аша чапканга болбойт. Ошондой эле газдалган суусундуктарды да бербей, анын ордуна балаңызга таза жемиштерди алып бергенге аракет кылыңыз. Ошондо гана балаңыздын келбетүү жылмайуусун узак убакытка чейин камсыз кыла аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!