Зомбулук оюндар балдарды калпычы кылат

23-Июнь 2017, Жума

Жаңы изилдөөлөр көрсөткөндөй, зордук-зомбулук оюндарын ойногон жана көргөн жаш өспүрүмдөр көпчүлүк учурда алдап, агрессивдүү болуп жана өзүн-өзү башкара албай калышат.

АКШ, Италия жана Нидерланд окумуштуулар тобу бир нече тажрыйбалардан өтүү үчүн 13-19 жаш ортосундагы 172 жогорку класстагы италиялык окуучуларды чакырышкан. Ал аркылуу видеолор, компьютер оюндары канчалыкта алар үчүн зыяндуу экенин көрсөтүү негизги максат болгон.

Биринчи экспериментте катышуучуларга тандоого зомбулук же болбосо зордук-зомбулугу жок оюндар сунушталган.

Катышуучулар ойноп жаткан учурда компьютердин жанына 100 грамм шоколад коюп коюшкан. Изилдөөчүлөр шоколаддан жеп турууларына уруксат беришип, бирок кыска убакытта көп жеп алган ден соолукка зыян экенин эскертишкен.

Жыйынтыгында, зомбулук оюндарын ойноп жаткан катышуучулар башка жөнөкөй оюн ойногон катышуучуларга караганда үч эсе көп шоколад жеп салышкан.

Андан кийин окуучуларга логикалык тесттен өтүү үчүн 10 суроо берилген. Ар бир туура жооп үчүн алар билет алышкан. Ал билеттерди белеке алмаштырууга мүмкүн болгон.

Окумуштуулар окуучуларга тесттин жыйынтыгын угузуп конверттин ичинен туура жооптогу билеттерди алууларын айтышкан. Бирок изилдөөчүлөр ар бир конвертте канча билет бар экенин билишкен. Бул тажрыйбанын жыйынтыгы көрсөткөндөй жаман оюндарды ойногон жаш өсүпүрүмдөр, андай оюндарды ойнобогондорго караганда сегиз жолу окумуштууларды алдоого аракет кылышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!