Кош бойлуулуктагы кооптуу азыктар

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Ар бир кош бойлуу аял түйүлдүктүн туура калыптанып, ден соолугу чың бала жарыкка келиши үчүн туура жана толук кандуу тамактаныш керек экенин билет. Кош бойлуулук учурунда жегенге таптакыр тыюу салынган азыктар жок, албетте спирт ичимдиктеринен башка.


Бирок, абайлап жеш керек болгон бир нече азыктын тизмеси бар. Мисалы:

Суши

Бизде да өзгөчө популярдуулукка ээ болгон япондордун сушиси да кош бойлуулар үчүн эмес. Анткени, ал чийки деңиз азыктарынан жасалат.

Кофеин


Изилдөөлөр тастыктагандай, кофеинди өлчөмү менен колдонуу кош бойлуу айымдын организмине эч кандай зыян келтирбейт. Бирок, күнүнө ичилген 3-5 кружка кофе же 8 кружкадан көп кара чай баланын маалынан эрте төрөлүп калышына, салмагына жетпей төрөлүүсүнө себеп болот экен. Андыктан, кош бойлуулуктун алгачкы үч айында кофени таптакыр эле колдонбой, экинчи жана үчүнчү үч айында чеги менен колдонуу керек. Кофе заара кубалоочу касиетке ээ, башкача айтканда, организмден суюктукту айдап чыгуу менен кальцийди жууп кетет. А кальций болсо түйүлдүктүн сөөк системасынын туура өнүгүшү үчүн эң зарыл элемент. Андыктан, бул да болсо кош бойлуулар үчүн кофенин бир кемчилиги.

Жумшак сыр


Сырдын айрым жумшак сортторунун курамында листериоз деп аталган жугуштуу ооруну козгоочу бактериялар бар. Бул оору кош бойлуулуктун кайсы гана учуру болбосун, бойдон түшүүгө же түйүлдүктүн өлүп калышына чейин жеткирет.

Жуулбаган жашылча-жемиштер


Таза жуулбаган жашылча-жемиштерди колдонуу кош бойлуу айым үчүн токсоплазмоз оорусун жуктуруп алуу менен кооптуу. Бул оору жуккан соң бойдон түшүү, баланын өлүк төрөлүшү, нышан төрөлүшү сыяктуу жагымсыз нерселер орун алат.

Жумуртка


Чийки же чала бышкан жумуртка жана ал кошулган тамактар да болочок эненин жана баланын ден соолугу үчүн кооптуу азыктардын бири болуп эсептелинет. Ал ичегинин функциясын бузуучу сальмонеллез деп аталган ичеги инфекциясын чакырат.

Кайнатылбаган суу


Кош бойлуу кездеги дагы бир кооптуу нерселердин бири - кайнатылбаган чийки суу. Сууну чоргодон сузуп алып эле колдоно берүү сарык оорусунун "А" жана "Е" түрүн жуктуруп алууга алып барат.

Туз
Эгер боюнда бар аял тузду көп колдонсо, бул да маселе жаратат. Анткени, туз организмде сууну чыгарбай кармап турат да, натыйжада, шишик пайда болушу мүмкүн.

Эт

Эт кош бойлуулукта өзгөчө керек азык. Уйдун эти кандагы гемоглобинди көтөрөт, бирок, аны туура колдоно билгенде гана. Ал эми жакшы куурулбаган, кайнабаган эт кош бойлуулар үчүн өтө зыяндуу. Андыктан, бул учурда тез даярдалуучу гамбургер, хот-дог сыяктуу тамактарга жакындабай эле койгон туура. Жакшы бышпаган эттин курамында гельминт аттуу курттардын жумурткалары болуп калышы мүмкүн.


Балык


Деңиз балыктары - кош бойлуу аялдын рационунда сөзсүз кездешүүгө тийиш болгон маанилүү азык. Ал баланын мээсинин өнүгүшүн жана нерв системасынын туура калыптанышын жөнгө салат. Бирок, карт балыктар кош бойлуу айымдар үчүн зыяндуу. Анткени, жыл өткөн сайын балыктын курамында сымаптын өлчөмү көбөйгөндөн көбөйө берет. Ошондой эле арыктын суусунда жашаган форель, судак сыяктуу балыктар да кооптуу. Алар кир суудагы уулуу заттарды, химикаттарды өздөрүнө сиңирип алышат.

Шекер жана таттуу азыктар


Жакшысы, кош бойлуу айым шекерди жана торт, пироженое, шоколад сыяктуу таттуу азыктарды таптакыр колдонбой эле коюш керек. Анткени, шекер жана ал кошулган азыктар организмге эч кандай пайда келтирбейт жана аларда керексиз калория көп. Мындан тышкары, таттуулар тишке зыян алып келет. Башка учурга караганда кош бойлуу учурда кариес ооз көңдөйүндө тез жайылат.

Алкоголь


Албетте, кош бойлуулар үчүн эң зыяндуу нерсе - алкоголь. Анын кичине эле өлчөмү түйүлдүктүн өөрчүшүнө өтө чоң зыян келтириши мүмкүн. Спирт ичимдиктерине болгон көз карандылык баланын тубаса жүрөк оорулуу же кайсы бир органынын жетилбей төрөлүшүнө алып келет. Ал эми алкоголь менен дарыны бир убакта колдонуу түйүлдүктүн өлүп калуу коркунучун кескин түрдө жогорулатат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!