Бешиктин пайдасы

7-Июль 2017, Жума

Биринчиден – колу бутун бош жаткан баланын уйкусу тынч болбойт. Уйкусу канбаган баланын акылы толук жетилбейт.

Экинчиден– баланын тынч болбой, ыйлай берүүсү эненин психологиясына таасир берет. Мындай абал сүт аркылуу балага берилет. Ошондуктан бешикке жатпаган бала келечекте сабырсыз болот.

Үчүнчүдөн- баланы бешиктен чечкен кезде наристе керилип-созулуп, ырахат алат. Денесинин ар түрдүү абалда болуусу ал үчүн жакшы эс алууну сыйлайт.


Төртүнчүдөн- наристенин тулку бою таза болуп, тазалыкка үйрөнөт.

Бешинчиден– бешиктеги баланын денеси нымдашпай, кургак болот. Ал ден соолуктун мыкты кепилдиги.

Алтынчыдан – бешик белгилүү бир ритм менен гана термелет. Баланын нерв системасы бир калыпта болуп, тартипке түшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!