Аталар кыздарын өзгөчө жакшы көрүшөбү?

7-Июль 2017, Жума

Эмори жана Аризона университетинин нейробиологдору менен психологдору атанын уул менен кызга камкордук жасоо деңгээлин аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөөнүн натыйжалары “Behavioral Neuroscience” журналына жарыяланды.

Окумуштуулар ата менен баланын арасындагы карым-катнашты атайы лабороторияда эмес, үйдө жүргүзүшкөн. Изилдөөгө 21-55 жаш курагындагы 69 адам катышкан. Тажрыйбага катышкан адамдар белине 9 мүнөт сайын кошулуучу добуш жазуучу атайы курал тагышкан. Ал эми кечкисин ал балдардын жанында калтырылган. Ошол курал аркылуу окумуштуулар күндүн ар кайсы убагында ата менен баланын ортосундагы карым-катнашты билип турушкан. Изилдөөнүн натыйжасында белгилүү болгондой, аталар кыздарына өзгөчө камкор болушуп, эмоцияларын ачык билдиришкен. Кээ бирөөлөрү кыздарына ыр да ырдап берип жатышкан.

Уулдары менен оор басырыктуу сүйлөшүшсө, кыздарын болушунча эркелетип турушкан. Ошону менен бирге окумуштуулар изилдөнүн натыйжаларын бекитүү үчүн аталарды магниттүү-резонанстык тамографиядан өткөрүшүп, мээнин жумуш иштөөсүн байкашкан. МРТ учурунда аталарга бөлөк баланын, чоң кишилердин жана уулдары менен кыздарынын сүрөттөрүн көрсөтүшкөн. Өз баласын көргөндө мээде иш-аракеттер байкалган. Өзгөчө, кубанып жаткан кыздын сүрөтү атасына уулуна караганда өзгөчө таасир берген. Башка учурда уулу менен кызын көргөндө мээдеги иш-аракет бирдей болгон. Азырынча балдар чоңойгондон кийин атанын көңүлү кандай болоору белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!